Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Эл өкүлдөр жыйыны Улуттук банк төрагасынын отчетун укту


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны Улуттук банктын 2003-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча Улан Сарбановдун отчетун укту. Сарбановдун берген отчетуна караганда өткөн жылы банк инфляцияны азайтууга, улуттук сомго суроо-талапты көбөйтүүгө жана банк системасына ишенимди кайра калыбына келтирүүгө жетише алды. Буга инфляция көлөмүнүн 5,6 процентти түзгөндүгү, сомго суроо-талаптын 33,5 процентке өскөндүгү жана банктардын капиталдык базасы бекемделип, коммерциялык банктардын активинин 44,8 процентке жогорулагандыгы далил.

Бирок депутаттар маалыматка ынанбай инфляция болжолдонгондон жогору болгонун, Улуттук банк көптөгөн мыйзам бузууларга барып, каражатты негизсиз сарптаган деген билдирүүлөрдү жасашты. Алар төрага өзү 3,2 миллион сом турган үйдү сатып алып, аны эмне себептен акча сактоочу жай деп каттаткандыгына кызыгышты. Ага жооп берген Улан Сарбанов өзүнө кол салуу болгондугун жана коопсуз жерде жашоо үчүн Аламүдүн районундагы үйдү сатып алып жашоого мажбур болгондугун, ал үй Улуттук банктын балансында каттоодо турганын билдирди. Ал ошондой эле кол салуу качан болгондугун жана эмне себептен тартип коргоо органдарына кайрылбагандыгын кийин айтаарын кабарлады.

XS
SM
MD
LG