Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:39

Владимир Рушайло жетектеген делегация Кыргызстанга келет


БИШКЕК. 8-июлда Кыргызстанга КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчысы Владимир Рушайло жетектеген делегациянын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер минстрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш сапарында Рушайло жетектеген делегация өлкө башчысы Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушат. Анда КМШнын кыска жана узак мөөнөттөгү аткаруу түзүлүшүнүн келечектеги маселелери жана 15-16 сентябрда Астана шаарында өтүүчү мамлекет башчыларынын, өкмөт жетекчилеринин жана тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына байланышкан маселелер каралат.

XS
SM
MD
LG