Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Ганси авиабазасынын жаңы командачысы дайындалды


БИШКЕК. “Манас” аэропортунда жайгашкан Ганси атындагы авиабазанын жаңы командачысы болуп бүгүн полковник Бредли Прей дайындалды. Аны дайындоого АКШнын аскерий - борбордук аба күчтөрүнүн командачысы Уолтер Бьюккенен келген. Бул тууралуу бүгүн Ганси атындагы авиабазанын басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган авиабазада учурда АКШнын 1150 аскер кызматчысы, С-130 тибиндеги бир нече жүк ташуучу авиаучак жана май куйуучу КС-135 тибиндеги авиаучак бар.

Полковник Бредли Прей Ганси авиабазасынын 8-жетекчиси. Ал бул кызматты полковник Стивен Келлиден өткөрүп алды. Стивен Келли бүгүн өз сөзүндө акыркы жылда Гансиге үч ирет кол салууга аракет болгонун айтты.

Эскерте кетели, коомчулук буга чейин Ганси авиабазасына кол салууга аракет кылган деген бир гана фактыны билет. Ага ылайык 3 адам кармалып, райондук сот тарабынан кесилишкен. Ушул күндөрү алардын апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралууда.

XS
SM
MD
LG