Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Амангелди Муралиев министрликке бекиди


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын депутаттары Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана тышкы соода министрине Амангелди Муралиевди, Эл аралык байланыш жана интеграция министрине Тажимамат Шаболотовду дайындоого жашыруун добуш аркылуу макулдук беришти. Амангелди Муралиев палатанын өткөн сессиясында кол топтой албай калган эле. Бул ирет аны депутаттар бир добуштан колдошту.
Ошондой эле, депутаттар Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун 36 судьясынын ар бирине бюллетень салып, 34 судьяны дайындоого макулдук беришти. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Токтогул райондук сотунун төрагалыгына сунушталган Рахматилла Ирисов жана Ысыккөл облустук сотунун төрага орун басарлыгына сунуш кылынган Жанышбек Саяков тийешелүү добуш ала албай калышты.

XS
SM
MD
LG