БИШКЕК. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов «Аргументы и факты-Кыргызстан» гезитине интервью берип, анда башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн жашыруун маалыматтарды чогултуп, саткан алты мамлекеттик кызматкер кармалгандыгын билдирди. Иманкуловдун айтымында, алар бул иштерди кеминде эки жыл жасашкан. Улуттук коопсуздук кызматы алардын артынан бир жылдай аңдуу салып жүрүп кармашкан. Алардын колунан «жашыруун» жана «өтө жашыруун» деген белги коюлган 700 документ алынган.
«Кармалгандардын арасында Ички иштер министрлигинин, чегара кызматынын, документ ташуу мекемелеринин өкүлдөрү жана ишкер менен окумуштуу бар»,-дейт Калык Иманкулов. Анын айтымында, алар патриотизм жана адеп-ахлак деген сезимден куржалак калып, бир гана акча табууну амалын издеп, ошону көздөп калышкан.
Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын «Альфа» аттуу бөлүгүнүн кызматкерлеринин кармалышы менен күч структураларынын ортосунда ич ара тирешүү жүрүп жатат деген ойду Иманкулов четке каккан.