Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:58

Америкалыктар Араб банкын сотко берди


Израилдеги чабуулдарда өлүп же жапа тарткан америкалык атуулдардын урук-туугандары Нью-Йоркто Иорданда жайгашкан Араб банкынан 875 миллион доллар өндүрүп алууга аракет кылышмакчы.

Сотко берилген арызда Араб банкы жана анын Нью-Йорктогу бөлүмү саударабиялык жардамды палестин согушчандарына тымызын жеткирип, ошондой эле, бомба менен чабуул жасаган жанкечтилерди камсыздаган деп айыпталат.

Арыз америкалык алты үй-бүлөнүн атынан берилди. Алардын адвокаты Марк Уербнер Араб банкы белгилүү террордук уюмдарга колдоо көрсөтүп, АКШнын анти-терроризм мыйзамдарын бузуп жатат деди.

Араб банкы билдирүү жасап, сотко берилген арызды көрө электигин кабарлады, бирок коюлган айыпты "караманча чындыкка коошпогон кине" деп четке какты.

 

XS
SM
MD
LG