План боюнча Испания Ооганстандагы аскерлеринин санын азыркы 140тан 1040ка көбөйтөт. Күздөгү шайлоодон кийин алардын саны 540ка азайтылат. Бул план Испан парламентинде басымдуу көпчүлүк менен жактырылды. Премьер-министр Хозе Луис Родригез Запатеро эл аралык аскерлер Ооган элинин салыштырмалуу тынчтыкта жашап, өз бийлик структураларын өнүктүрүшүнө көмөк көрсөтүүнү максат кылаарын белгиледи.