Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:41

Ооганстандагы шайлоо тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө


Бириккен улуттар уюму жана Ооган өкмөтү шайлоонун мөөнөтү боюнча жыйынтыктоочу сүйлөшүү жүргүзүүдө. Шайлоону биргелешип өткөрүү комиссиясынын маалыматына ылайык, комиссия бүгүн өкмөт менен шайлоонун мөөнөтүн качан жана кандайча жарыялоонун жол-жобосун талкуулап жатат.

Өкмөттүн маалымат катчысы Жавед Лудин уюштуруудагы кыйынчылыктарга, жер-жерлердеги аскер башчыларынын бейбаштыгына жана талип чабуулдарынын токтобой келатканына байланыштуу күзгө белгиленген шайлоонун мөөнөтүн тактоо кыйын болуп жаткандыгын мындайча билдирди:

- Шайлоону качан өткөрүү чечимин шайлоо комиссияcы аныкташы керек. Комиссиянын өкүлдөрү шейшембиде өкмөт менен ушул маселени талкуулаган. Алар эми кабинетке отчет беришет. Бүгүнкү талкуудан кийин, алар шайлоонун мөөнөтүн аныкташат.

Президенттик жана парламенттик шайлоо алгач июнга белгиленген эле. Бирок шайлоочуларды катоого жана элден курал жыйноого кошумча убакыт зарыл болгондуктан, шайлоо сентябрга калтырылган. Азыр Ооган бийликтери 22-сентябрдан 21-октябрга чейин созулуучу Мизан айы тууралуу сөз кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG