Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:08

Эл-Барадей Израилдин ядролук тармагынын башчысы менен жолугушту

БУУнун атомдук кубат агенттигинин төрагасы Мохаммед Эл-Барадей аны менен Жакынкы Чыгышты ядролук куралдан арылтуунун мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Эл-Барадей Тел-Авивде Израилдин жашыруун ядролук энергетика агенттигинин башчысы Гидеон Франк менен жолукту.

Сүйлөшүүдөн кийин Эл-Барадей Израиль Ирандын ядролук программасына тынчсыздануу билдиргенин бышыктады.

Эми Тел-Авивде Эл-Барадей премьер-министр Ариэл Шарон менен көздөшүп, ядролук курал жасоочу материалдардын соодасы боюнча Израилдин БУУнун атомдук кубат агенттигине маалымат берип турушун талкуулайт деп күтүлүүдө.
​
XS
SM
MD
LG