ОШ. Бүгүн Ош облустук ички иштер башкармалыгында министр Бакирдин Субанбековдун катышуусунда оперативдүү кеңешме болуп өттү. Анда райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери 2004-жылдын биринчи жарымында кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жүргүзгөн иштери боюнча отчет беришти. Министр Бакирдин Субанбеков кылмыштуулуктун бетин ачууда жана коомдук коопсуздукту сактоодо облуста абалдын начар экендигин айтып, бир катар облустук жана райондук ички иштер органдарынын жетекчилеринин ишине канаттанбагандыгын билдирди. Кеңешменин жүрүшүндө Карасуу, Алай жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жумушу начар деп табылып, жетекчилерине эскертүү берилди. Министр Бакирдин Субанбеков келе жаткан бир айдын ичинде жыйынтык бере албаган жетекчилер эскертүүсүз кызматтан алынарын билдирди.