БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы жана аткаруучу катчысы Владимир Рушайло баштаган делегация келди. Ал Бишкекке КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы катары таанышуу максаты менен келгендигин билдирди. Визит учурунда ал президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушат. Жолугушуу маалында Биримдиктин жакынкы жана келечектеги иш багыт, милдеттери, КМШга кирген мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну жакшыртуу маселесин талкуулайт.
Андан тышкары КМШдагы мамлекеттердин президенттеринин, өкмөт башчыларынын жана тышкы иштер министрлеринин ушул жылдын 15-16-сентябрында Астана шаарында боло турган саммитинде каралчу маселелер боюнча пикир алышат.