Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

“Рентонгрупптун” аманатчылары президентке кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Кайрылууда “Урматтуу президент Аскар Акаев, “Рентонгрупп” компаниясына акчасын алдатып жиберген 2500 аманатчынын арызын териштирип, оң чечип берүүңүздү сизден өтүнөбүз. 2000-2001-жылдары “Рентонгрупп” компаниясына жылдын эң мыкты өнөр жайы, деп сыйлык тапшырып, өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошуп жаткан ишкана катарында сиз кепил болуп бергенсиз”, деп айтылат.

Ошондой эле кайрылуу ээлери “Рентонгрупп” компаниясын атайын банкротко учуратып, мүлкүн арзан баага менчиктештирип алган өкмөттүн коррупцияга баткан чиновниктерин жоопко тартуусун өтүнүшкөн. Бул тууралуу аманатчылардын демилгечилер тобу бүгүн “Азаттыкка” маалымдады.
Алданган аманатчылар Жогорку Кеңешке, өкмөткө, акыйкатчыга арыз жолдошуп, эч бир жооп ала алышкан эмес. Ал эми президентке жазган бир жарым миңге жакын кат жоопсуз калган.

XS
SM
MD
LG