Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

"Атуулдук бирикме" адилет шайлоо өткөрүүгө кам көрө баштады


БИШКЕК. Бүгүн «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн бардык облустарында бирикменин регионалдык бөлүмдөрү, райондордо анын филиалдары түзүлгөндүгүн билдиришти. Бирикменин координациялык кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин айтымында, алдыдагы шайлоолордун адилет өтүшү үчүн бирикме ар бир шайлоо округуна бештен байкоочу коюу аракетин көрүп, азыр бул демилгеге кош көңүл эмес 10 миңден ашык адамды тандоо башталды. Алар өз ыктыяры менен гезитке жарыяланган кулактандыруулардын негизинде тизмеге жазылгандар арасынан тандалат. «Азыр бирикмеге кошулган атуулдардын саны 5 миң адамга жетти», -деп билдирди Эмил Алиев.

Ал эми бирикме төрагасы Мисир Ашыркулов президенттик шайлоого катышпай тургандыгын расмий түрдө жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG