Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

М.Ашыркулов мамлекеттик сырлардын сатылаарын мурда эле билчү


БИШКЕК. Мамлекеттик жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарды деген шек менен кызматкерлерди кармоо Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркуловдун «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесин түзүп кетиши менен эч кандай байланышы жок. Мисир Ашыркулов бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тыңчылык кылды деген факт эгемендик жылдарында гана эмес Кыргызстан совет курамында турган мезгилде да болгон эмес. Бирок Коопсуздук кеңештин катчысы болуп иштеген мезгилинде жашыруун маалыматтардын сыртка чыгып кетүүлөрүнө күбө болуп, көзөмөлдү күчөтүү маселесин катуу койгон. «Мисалы, бир долбоор тууралуу үч гана адам билчүбүз, бирок маалымат жайылып кетип ал аракетибиз ишке ашкан жок. Натыйжада, Кыргызстан бир нече миңдеген долларлык каражаттан кур жалак калган»,-деп билдирди Мисир Ашыркулов.

XS
SM
MD
LG