БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматы өткөргөн ушул эле маалымат жыйынында кармалгандардын бири, Чегара кызматынын өкүлү Келсинбек Акималиевдин сурак маалында мурда видеотасмага тартылып алынган билдирүүсү да көрсөтүлдү. Анда Акималиев Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын иш бөлмөлөрүнөн ушул жылдын башында табылган тыңшоочу аппараттарга байланыштуу маалымат берип, депутаттар, укук коргоочулар жана айрым саясатчылар боюнча Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан топтолгон жашыруун материалдарды Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Алишер Абдимомунов, Исмаил Исаковго бергендигин жарыя кылды.
Анын айтымында, ал Улуттук коопсуздук кызматынан Чегара кызматына мажбурлап которулгандан кийин көңүлү чөгүп жүргөн маалда Жогорку Кеңеште иштеген теңтушу аркылуу жогоруда аты аталган депутаттарга жолугуп, тыңшоо менен аңдуудан топтолгон материалдар тууралуу оозеки маалымат берген. Айыпкердин айтымында, ага ыраазы болбогон депутат Алишер Абдимомунов тастыктоочу документтерди талап кылып, материалдар жабык эшик артында угулаарын билдирген жана угуудан кийин Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилиги кетээрин, алар кеткенден кийин Акималиевге жакшы кызмат беребиз деп убада кылышкан.
Ага ишенген Акималиев депутаттарга кагаз жүзүндөгү документтерди берген. «Бирок маалымат парламентте ачык айтылгандан кийин эмне кылаарымды билбей, ачык айтууга мажбур болдум жана депутаттардын саясий упай топтоого умтулган максаттары бар экендигин билген эмес экенмин»,-деп кабарлады Акималиев видеотасмага жазылган билдирүүсүндө.
Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Абдимомунов Акималиев деген адамды тааныбай тургандыгын, тыңшоочу аппараттарга байланыштуу маалыматты башка адамдан алгандыгын ушул эле күнү билдирди.