БИШКЕК. Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов маалымат жыйынын өткөрүп, анда мамлекеттик жашыруун маалыматтарды чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн топтоп, саткан деген шек менен кармалган адамдар тууралуу маалымат берди.
Анын билдирүүсү боюнча, беш адам 25-июнда, дагы бир адам 1-июлда кармалган. Транспорт жана байланыш министрлигиндеги фелдьегерлик кызматтын адиси Анвар Макеевге, Ички иштер министрлигинин кызматкери Чолпон Эргешовага, ушул министрликтин мурдагы өкүлү Улукбек Ашырбековго, ишкер Нурбек Хаваншановго, жогорку окуу жайлардын биринин окутуучусу Рашид Юсуповго жана чегара кызматынын кызматкери Келсинбек Акималиевге мамлекеттик сырды ачыкка чыгарууга аракет кылган, кызматтык маалыматтарды чет өлкөлөргө берүү максаты менен чогулткан жана кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар коюлуп, кылмыш иши ачылган.
Алардын кызмат орундарын тинткенде «жашыруун» жана «өтө жашыруун» деген белги коюлган 700дөн ашуун документтер табылган. Алардын арасында президенттик администрациянын, премьер-министр аппаратынын, коопсуздук кеңештин, коргоо, ички иштер, тышкы иштер, юстиция министрликтеринин, чегара кызматынын жана куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын документтеринин көчүрмөлөрү табылган.
«Улуттук копсуздук кызматы азыр жашыруун маалыматтардын чыгуусуна катышы бар адамдарды жана алардан маалымат алууну каалаган тарапты аныктоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат»,-деп билдирди Калык Иманкулов.