ТБИЛИСИ. Грузия менен Түштүк Осетия жаңжалы курчуп баратат. Бейшембиге караган түнү Түштүк Осетиянын Ванати деген грузин кыштагында Түштүк осетин аскерлери 50 грузин аскерин кармап алышкан, эки ортодо ок атышуу чыккан. Россиянын тынчтык күчтөрүнүн командачысы Святослав Набздоров түндөгү окуядан кийин Ванатиде бейпилдик күчтөрүнүн посту орнотулганын билдирет. Ал эми Грузия бүгүн Эредви жана Тамарашени кыштактарынын ортосундагы милиция посту аткыланганын, андан эки полициячы жараат алганын айтат. Грузиянын премьер-министри Зураб Жвания Тлибиси жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну каалап турганын билдирди. Араздашууну тынчытуу жолдорун талкуулоо үчүн жума күнү Москвага Грузиянын мамлекеттик министри баш болгон делегация барганы жатат.