Атап айтканда, көзү азиз бир студентти англис тили боюнча ыкчамдатылган сабактан четтетип коюшту. Көрсө ага жол баштоочу болуп жүргөн ити французча айтылган сөздөрдү гана түшүнөт экен. Сабакка катышуу үчүн студентке итин англисче үйрөтүүнү сунуш кылышты. Студент болсо укугун басмырлаганы үчүн мугалимдерди сотко бергени жатат.