Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Африка союзу Суданга бейпилдик күчтөрүн жиберет


Бейшемби күнү африкалык өлкөлөрдүн Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада аяктаган жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. Үч жүз аскерден турган контингент Судандын Дарфур провинциясындагы кырдаалды жөнгө салуу максатында жөнөтүлүүдө. Бул жерде арап уркундагы куралдуу отряддар миңдеген ындыкара адамдарды кызыл уук кыргынга салып, провинциядан бир миллиондон ашуун киши качып чыкты. АКШнын мамлекетти катчысы Колин Пауэлл судан бийликтерин провинциядагы зобун-зомбулуктарды токтотконго чакырып, болбосо бул өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун санкцияларына кабыларын эскертти.

XS
SM
MD
LG