Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Осетияда кармалган грузин солдаттары бүгүн бошотулат


Грузиянын мамлекеттик министри Георгий Хаиндрава кечээ кечинде улуттук телеканалда жасаган билдирүүсүндө Түштүк Осетин бийликтери 38 солдатты тууган-уруктарына өткөрүп бергенге макул болгонун маалымдады. Муну Түштүк Осетин өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ирина Гоглаева да бышыктап, грузин жоокерлери Венати кыштагында кармалганын кошумчалады. Айрым маалыматтарда эки жоокер жарадар болгону айтылат. Грузин тарабынын айтымында, жоокерлердин баары эл аралык бейпилдик контингентинде кызмат кылышкан, ошондуктан алар токтоосуз бошотулушу керек.

XS
SM
MD
LG