Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Жапалактыктар таза сууга муктаж


ОШ. Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүнүнүн тургундары алты жылдан бери кыйнап келаткан таза суу маселесин чечип берүүнү өтүнүп кат жолдошту. Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн Оруке, Арек жана Жапалак айылдарында жашап жатышкан 10 миңден ашуун эл арыктын суусун ичишет. Эске сала кетүүчү жагдай, мындан эки жыл мурун таза суунун жоктугунан ичкелте ооруусу таркап, анын кесепетинен айыл өкмөтү боюнча миңге жакын адам жабыркаган. Жапалак айыл өкмөтүнүн башчысы Тагай Салиев 1998-жылы таза суу түтүктөрүн киргизүү боюнча 68 млн. сомдук долбоор Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бекитилип, бирок өкмөт каражат бөлбөгөнүнөн улам 14 млн. сомдук гана жумуш жасалып, иш токтоп калган.

XS
SM
MD
LG