БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Азия банкынын Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлдөрү жарандык коомдун мүчөлөрү менен жолугушуп, банктын өлкөдө ишке ашырып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат берди. Банктын тышкы байланыштар бөлүмүнүн өкүлү Роб Саламон Азия өнүгүү банкы коомчулук үчүн ачык экендигин жарыя кылып, бардык долбоорлордун алкагында сарпталып жаткан каражат тууралуу так маалыматтарды берип туруу саясаты башкы багыт экендигин билдирди.
Кыргызстан Азия өнүгүү банкы менен 1994-жылдан тарта иштешип келатат жана 21 долбоор боюнча 535 миллион доллар берген.
Кыргызстан Азия өнүгүү банкы менен 1994-жылдан тарта иштешип келатат жана 21 долбоор боюнча 535 миллион доллар берген.