Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Ысыккөлдү өнүктүрүү стратегиясы талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Чолпоната шаарында «Ысыккөлдө курорттук-эс алуучу аймакты өнүктүрүүнүн стратегиясы» деген экинчи эл аралык конференция болду. Ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, исмаилиттердин башчысы Агахан IV, ханзаада Амин жана өлкөдөгү бир катар министрликтердин жетекчилери катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн президент Аскар Акаев Ысыккөлдө эс алуу мезгилин 6-7 айга жеткирүү башкы максат деген милдетти алдыга койду. Николай Танаев Ысыккөлдө туруктуу туризмди өнүктүрүү багыттары тууралуу доклад жасап, Жапониянын эл аралык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Ысыккөлдө эс алуу жайларын өнүктүрүүнүн башкы схемасы» деген иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. Конференциянын аягында жыйынтыктоочу документ кабыл алынып, анда Ысыккөлдөгү эс алуу жайларын жакшыртуунун багыттары көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG