Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

«Арнамыс» партиясы беш жашка толду


БИШКЕК. Бүгүн оппозициячыл маанайдагы «Арнамыс» партиясынын түзүлгөнүнө беш жыл толду. Буга байланыштуу партиянын саясий кеңеши бардык партия мүчөлөрүн жана партиянын учурда абакта жаткан төрагасы Феликс Куловду куттуктаган билдирүү таратты.
Феликс Кулов 1999-жылы апрель айында мамлекет башчы Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясатына макул эместигин билдирип, Бишкек шаар башчылык кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Ошол жылдын 9-июлунда «Арнамыс» партиясын түзгөн. «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин маалыматына караганда, партия алгач уюшулганда анын 5 миң 700 мүчөсү болгон. Бүгүн партиянын 12 миңден ашуун мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG