Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Депутат Улуттук коопсуздук кызматын сынга алды


БИШКЕК. "Камакка алынган адамдын айткандарын олуттуу көрсөтмө катары кабыл алып, анын негизинде кандайдыр бир бүтүмдөрдү чыгаруу –урматка татыбайт турган иш". Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Абдимомунов мына ушундай пикирин билдиргендигин бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматы таратты.

Депутаттын мындай билдирүү жасоосуна мамлекеттик жашыруун маалыматтарды чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн топтоп, сатууга аракет кылган деп камакка алынган Келсинбек Акималиевдин видеотасмага тартылган билдирүүсүн кечээ Улуттук коопсуздук кызматынын көрсөткөндүгү себеп болду. Депутат Алишер Абдимомунов аны «Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын иш бөлмөлөрүнө коюлган тыңшоочу аппараттар табылгандан кийин бул Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук алдында актануу үчүн жасап жаткан ийгиликсиз аракети жана парламентарийлердин конституциялык укугунун бузулушу боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан депутаттык комиссияга таасир көрсөтүү" деп баалады.

«Акималиевдин өзүн эмес, ал тартылган видеотасманы көрсөтүшүнүн өзү эле Улуттук коопсуздук кызматынын болбогон нерселерди болду деп аны мажбурлап айттыргандыгын айгинелейт»,-дейт депутат. Ошондой эле, Алишер Абдимомунов депутаттык комиссия тыңшагычтар боюнча жаңы маалыматтарды палатанын сентябрдагы жыйынында жарыя кылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG