Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Сенаттын комитети ЦРУну сынга алды


Вашингтон. АКШ Сенатынын чалгындоо иштери боюнча комитети өлкөнүн коопсуздук органдарынын иштерин сынга алууда. Комитеттин пикиринде, АКШнын чалгындоо кызматтары Ирак тарабынан коркунуч бар деген маалыматтарды ашкере күчөтүп, ал эми Ирактын пайдасына байланыштуу маалыматтарга маани бербөөгө аракеттерди жасашкан.

Комитет тарабынан даярдалган 400 барактан турган баяндамада АКШнын Борбодук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ), ошондой эле башка чалгындоо кызматтарынын ишмердүүлүгү, өзгөчө, бул кызматтардын Иракта биологиялык курал чыгаруу боюнча жылма лабораториялар бар деген текшерилбеген маалыматтарына карата кескин сын айтылган.

Бирок баяндамада президент Жорж Буштун администрациясына карата түз сын айтылбайт шекилдүү. Анткени комитет президенттин администрациясы тарабынан өлкөнүн Борбордук чалгындоо башкармалыгынын аналитиктерине ага керектүү жыйынтыктарды чыгарууга кысым көрсөткөн далилдерди таба алган жок.

Эл аралык жыңылыктарды Прага шаарынан Азиза Турдуева даярдады.

XS
SM
MD
LG