Исламабад. Пакистанда автобустун кырсыкка учурашынан 5 адам набыт болуп, 20га жакыны жаракат алышты. Кырсык Исламабаддан түштүк-чыгышка карай 75 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Агбиа шаарында кечээ кечинде орун алды. Жергиликтүү полиция кызматкерлеринин маалыматында, айдоочу автобусту башкара албай калып, капчыгайга түшүп кеткен. Кырсыктан жараат алгандардын баары ооруканага жеткирилди.