Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Мушарафф мусулман өлкөлөрүнө карата Батыш өз мамилесин өзгөртүүгө тийиш деди


Баку. Пакистандын президенти Первез Мушарафф бүгүн Азербайжандын парламентинде сөз сүйлөп, террористтер мусулман өлкөлөрүнүн атуулдарын туткунга алуу менен исламга доо келтирип жаткандыгы жөнүндө билдирди. Ал ошондой эле, мусулман дүйнөсүнө карата Батыш өз мамилесин өзгөртүүгө тийиш деген пикирин билдирди. Мушараффтын көз карашында, Израилди Палестин аймактарынан баш тартууга ынандыруу зарыл.

Первез Мушарафф жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев кечээ Бакуда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Эки өлкө башчылары Пакистан менен Азербайжандын бир катар эл аралык маселелер боюнча, алардын ичинде Ооганстан, Ирак, Кашмир жана араб-израил чыр-чатагы боюнча көз караштары окшош экендигин белгилешти. Пакистандын президенти Азербайжанга кечээ үч күндүк сапар менен келген.

XS
SM
MD
LG