Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:53

Лейлек районундагы эки айыл өкмөт башчысы 25-июлда шайланат


БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдон алынган маалыматка караганда, кайра шайлоо аталган райондун Бешкент жана Тогузбулак айыл өкмөттөрүндө өткөрүлөт. Учурда Бешкент айыл өкмөтүндөгү бул орун үчүн Насимжан Атакишиев жана Бунетжан Эргешов аттуу эки талапкер катталды. Ал эми Тогузбулак айыл өкмөтүнүн башчылыгы үчүн Турсуналы Ажыбаев, Абдурашит Халботоев жана Алимбек Садыков аттуу үч талапкер ат салышмакчы.
Ушундай эле кайра шайлоо келерки айда Кызылкыя шаарынын Акбулак айыл өкмөтүндө да өтөт. Өлкө боюнча жалпы айыл өкмөт башчыларына шайлоолор өткөн 2001-жылдын декабрынан бери мындай кайра шайлоо буга дейре облустун тогуз айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн. Ал эми мөөнөтүнө жетпей бошогон айыл өкмөт башчыларынын саны он экиге жетти. Алардын үчөөсү гана башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу орун бошотсо, калгандарынын баары өз арызынын негизинде кызматтан кетишкен.

XS
SM
MD
LG