Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Нарындагы айыпкерлерди убактылуу кармоочу №4 жай ремонттолот


НАРЫН. Бул жөнүндө Кыргызстан жаш юристер коомдук бирикмесинен Нарындагы филиалынан Нурдин Исаев билдирди. Анын айтымында "Дени сак түрмөлөрү, дени сак жамаат" аттуу долбоор ЮСАИД тарабынан колдоого алынды. Анда суу түтүктөрү толук оңдолуп, камераларга раковиналар орнотулуп, жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн айыпкерлердин жана жабык мекемелеринин кызматкерлеринин арасында санитардык агартуу иштери жүргүзүлүп, брошюралар, плакаттар да даярдалып таркатылат. Бул үчүн 370 доллардын тегерегинде Америка доллары сарпталат. Учурда СИЗО-4 40 кишинин ордунда 79 айыпкер бар.

XS
SM
MD
LG