Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:16

Демократиялык коопсуздук кеңешинин курамы өзгөрдү


БИШКЕК. Кыргызстандын демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңешинин курамы өзгөрдү. Ага негиз берген жардыкка президенти кол койгондугун президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка караганда, кеңештин курамынан беш адам чыгарылып, башка беш адам мүчө болду. Алардын бири - Чүй университетинин ректору Султан Мамбеткалиев кеңештин теңтөрагалыгына, Улуттук илимдер академиясынын президенти Жаныбек Жээнбаев, Улуттук университеттин ректору Аскар Какеев, Кыргыз-Орусия университетинин ректору Владимир Нифадьев жана «Парклетос» кайрымдуулук корунун директору Айгүл Бейшембиева мүчөлүккө бекитилишти.

XS
SM
MD
LG