Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Уулу зат калдыктарын зыянсыздандыруу иш чаралары башталат


БИШКЕК. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап Дүйнөлүк банк, Жапон өкмөтү жана башка эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен Майлысуу шаарындагы уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу аракетин баштайт. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Эмил Акматовдун маалыматына караганда, Дүйнөлүк банк буга чейин уулуу зат калдыктарын зыянсыздандырууга 7 миллион доллар, Жапон өкмөтү 2, глобалдык экологиялык фонду 1 миллион, кыргыз өкмөтү 1 миллион 76 миң доллар бөлдү. Кыргызстандын аймагында уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн 35 жай бар.

XS
SM
MD
LG