БИШКЕК. Бүгүн Азия өнүгүү банкынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Роб Саламон жетектеген делегация жана банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ашраф Малик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Азия өнүгүү банкы коомчулук менен байланышуу саясатын өзгөртүп, ишин ачык жүргүзүүгө багыт алгандыгы жана банктын коомчулук менен байланыш саясатынын жаңы долбоору даярдалгандыгы кабарланды. Жолугушууда банк менен массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы байланышты күчөтүү үчүн кандай аракеттерди көрүү керек деген суроо алдыга коюлуп, журналисттер өз сунуш-пикирлерин ортого салышты.
Журналисттердин айтымында, Кыргызстанда 1994-жылдан бери иш жүргүзүп жаткан Азия өнүгүү банкынын өлкөдөгү ишмердиги жөнүндө жалпы маалымат бар. Бирок алыскы райондордун калкы кабардан оолак калгандыктан банктын жер-жерлердеги журналисттер үчүн семинар, сапарларды өткөрүшү зарыл.
Банктын Кыргызстандагы кеңсесинин директору Ашраф Малик быйыл Азия өнүгүү фондусунан телчигип келаткан өлкөлөргө 7 миллиард доллар бөлүнгөндүгүн, анын 21 проценттен 50 процентке чейини Кыргызстанга берилиши мүмкүн экендигин билдирип, анын алкагында журналисттер менен иштешүүгө акча каралаарын кабарлады.