Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын отурумунун күн тартиби такталууда


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын 15-17-сентябрь күндөрү Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Отурумдун күн тартиби Кыргызстанга 8-июлда иш сапары менен келген КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло менен президент Аскар Акаевдин Чолпоната шаарындагы жолугушуусунда талкууланды. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, азырынча Астана шаарында өтүүчү отурумдун күн тартиби толук такталып бүтө элек. Владимир Рушайлонун Кыргызстанга болгон иш сапары эртең соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG