Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Орусия көчүп келгендердин укугун коргоо боюнча макулдашууну узартты


БИШКЕК. Орусиянын өкмөтү Кыргызстандан көчүп барган адамдардын укугун коргоо жана көчүү процессин жөнгө салуу жөнүндө 1995-жылы кол коюлган макулдашуунун мөөнөтүн узартты. Ага негиз берген протоколду Орусиянын өкмөтү жактыргандыгын «Новости» маалымат агенттиги билдирди. Ал маалыматка караганда, жети жыл иштей турган макулдашуунун мөөнөтүн узартууга Кыргызстандан Орусияга көчүп кетүүгө ниеттенген адамдардын көп экендиги негиз берет. Аталган макулдашуу күчүнө кирген 1997-жылдан бери Орусиянын өкмөтү Кыргызстандын 20 миң атуулуна көчүп барууга уруксат берген менен, иш жүзүндө 53 миң адам көчүп барган. Орусияга кеткендердин саны былтыр 3 669 адам болсо, быйылкы жылдын жарымында миңден ашкан.

XS
SM
MD
LG