Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Депутаттын иш бөлмөсүнө белгисиз бирөөлөр жашыруун киришкен


БИШКЕК. Белгисиз бирөөлөр Мыйзам чыгаруу жыйынынын оппозициячыл маанайдагы депутаты Алевтина Проненконун иш бөлмөсүнө уруксаты жок киришкен. Алар иш бөлмөнүн эшигиндеги кулпунун мыктарын чыгарып кирип, керектүү документтер сакталган темир сейфтти ачып карашкан. Бул тууралуу Алевтина Проненко «Азаттыктын» кабарчысына бүгүн билдирди. Ошондой эле Алевтина Проненко соңку мезгилдерде белгисиз бирөөлөр анын көп кабаттуу үйдөгү квартирасынын терезесинен кандайдыр бир сасык газ чачып кетип жаткандыктан өз үйүнө жашабай жаткандыгын кошумчалады:

- Мындай көрүнүш түнкү саат үч, үч жарымдарда кимдер-бирөөлөр тарабынан жасалат.

Ошондой эле Проненко иш бөлмөсүнө кимдир- бирөөлөрдүн кириши боюнча акты түзүп, палата төрагасына кайрылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG