Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Ооганстанда талиб согушчандарынын чабуулдары уланууда


Кандагар. Кечээ түнү Ооганстандын түштүгүндө жайгашкан Кандагар провинциясындагы көзөмөл пунктуна 50гө жакын талиптер чабуул жасашты. Анын натыйжасында үч согушчан набыт кетти. Согушчандар коңшу жайгашкан Гилмент провинциясында да көзөмөл пуктуна чабуул коюшуп, андан Ооган өкмөтүнүн бир жоокери набыт болуп, экөө жараат алды. Ал эми Кандагардан батыш тарапта жайгашкан Майванд районунда кечээ кечинде бомба жарылып, мектептин имараты жарактан чыкты.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Азиза Турдуева даярдады.

XS
SM
MD
LG