Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ирак чет өлкөлөрдө элчиликтерин ачат


Багдад. Бүгүн Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари Ирак өзүнүн элчиликтерин дүйнөнүн 43 өлкөсүндө ачат деп билдирди. Ирактын тышкы иштер министри “Франс пресс” маалымат агенттигине маалымдагандай, Ирактын жаңы өкмөтүнүн башкы максаттарынын бири - өлкөнүн башка мамлекеттер менен болгон кызматташуу-алакаларын калыбына келтирүү, Ирактын эл аралык коомчулуктагы аброюн жогорулатуу болуп эсептелет. Зебаринин маалыматына караганда, жаңы элчилер жакынкы күндөрү дайындалат жана алардын баары мурда дипломатиялык жана мамлекеттик кызматтарда иштегендер. Ирактын элчиликтери ачыла турган өлкөлөрдүн тизмесинде 20 араб өлкөсү, Иракка коңшулаш жайгашкан жана башка мамлекеттер бар.

XS
SM
MD
LG