Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:59

Кытайдын премьер-министри СПИДге байланыштуу элге кайрылды


Бээжин. Кытайдын премьер-министри Вен Жибао коомчулукка өлкөдө СПИД оорусунун жайылышын токтотууга жардам көрсөтүүнү өтүнүп кайрылды. Премьер-министр өлкөдө ВИЧ-инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча жүргүзүлө турган иш-чараларга, бул багыттагы программаларга мындан ары көбүрөөк акча-каражаты бөлүнө тургандыгын убада кылды.

Кытайда СПИД оорусунун жайылышына байланыштуу түзүлгөн абал жөнүндө бүгүн өлкөнүн маалымат каражаттарында жарыяланды. Расмий маалыматтар боюнча учурда Кытайда 840 миңге жакын адам ВИЧ-инфекциясына кабылган. Бириккен Улуттар Уюмунун СПИД боюнча агенттиги эгерде өлкөдө тиешелүү чаралар көрүлбөсө 2010-жылга чейин Кытайда ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын саны 10 миллионго жете тургандыгын эскерткен.

XS
SM
MD
LG