Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Израиль Гаагадагы эл аралык соттун чечимине нааразы


Рамаллах. Бүгүн Рамаллахта Палестин автономиясынын премьер-министри Ахмед Куреи Европа Биримдигинин өкүлү Марл Отт менен жолугушту. Алар Израиль тарабынан Иордандын батыш жээгинде курула баштаган “коопсуздук дубалына” байланыштуу иш боюнча Гаагадагы эл аралык соттун чечиминин тегерегинде сүйлөшүштү.

Кечээ Гаагадагы эл аралык сот Израиль тарабынан бул “коопсуздук дубалынын” курулушу мыйзамсыз деген чечимин жарыялаган. Палестин автономиясынын жетекчиси Ясир Арафат соттун бул чечимин тарыхый чечим катары баалады. Премьер-министр Ахмед Куреи Европа Биримдигинин өкүлүнө төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Эми эл аралык коомчулук, Бириккен улуттар уюму Израилди соттун бул чечимин аткарта турган жодорун табууга тийиш.

Ал эми Израилдин бийлик өкүлдөрү Тель-Авив эл аралык соттун чечимине баш ийбей тургандыгын расмий билдиришти. Алардын айтымында, “коопсуздук дубалы” Израилдин атуулдарын Палестин террорчуларынын чабуулдарынан коргойт.

XS
SM
MD
LG