Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:56

Козголоңчулар барымтадагы филиппиндикти өлтүрөбүз деп эскертишти


Багдад. Ирактын экстремисттери Филиппиндин барымтага алынган атуулу эгер биз койгон талап аткарылбаса, өлтүрүлөт деп бүгүн дагы бир ирет эскертишти. Экстремисттер Филиппин өкмөтүнө өзүнүн Ирактагы аскерлерин алып чыгып кетүүнү айтууда.

Филиппин өкмөтү Иракта бейпилдикти орнотууга колдоо көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөн 51 жоокер 1,5 айдан кийин чыгарылат деп маалымдады. Бүгүн “Ал-Жазира” телеканалынан барымтадагы атуулдун өз өлкөсүнө козголоңчулардын талабын аткарууга чакырган өтүнүчү тартылган видеотасма көрсөтүлдү. Анда Ангело де ла Груз мындай деген:

- Мен кесиптештеримен жана филиппиндиктерден Иракка келбегиле деп өтүнөм. Анткени бул жерде көп проблемалар бар. Ирактын полициясы мага окшотуп сиздерди да коргой албайт. Филиппин президентинен Ирактан өз аскерлерин алып чыгып кетүүсүн суранам, - деп айтты барымта.

Ангело де ла Груз ушул шаршемби күнү Иракта Фаллужа шаарына жакын жерде барымтага алынган. Филиппиндин президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Норберто Гонзалес бүгүн Филиппин бийлиги өтө кыйын кырдаалда тургандыгы жөнүндө билдирди. Соңку маалыматтар боюнча филиппиндиктин өмүрүн сактап калууга үмүт пайда болду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG