Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Грузия менен Түштүк Осетия чатагы уланууда


Тбилиси. Бүгүн эртең менен Түштүк Осетиянын аскер кызматкерлери Эредви жана Арвиси айылдарындагы көзөмөл постторун аткылашып, андан беш адам жаракат алды. Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин өкүлү Михаил Карелинин маалыматы боюнча жараат алгандар Грузиянын коопсуздук күчтөрүндө кызмат өтөгөндөр.

Ал эми Түштүк Осетия Грузияны бейшембиден жумага караган түнү грузин жоокерлери ички иштер министрлигинин көзөмөл пунктун аткылады деп күнөөлөөдө. Маалыматтарга караганда, Түштүк Осетиянын бир нече жоокери жараат алган.

Бүгүн Орусиянын парламенти Грузиянын бийлиги Түштүк Осетиядагы абалды дестабилдештирүүдө деген билдирүүсүн жарыялады. Ал эми Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Орусиядан Түштүк Осетия менен болгон мамилеге кийлигишпөөнү өтүндү. Саакашвили ошону менен бирге, Тбилиси Москва менен болгон мамилелеринин начарлашын каалабайт деген пикирин да айтты.

Бейшемби күнү Түштүк Осетияда Грузиянын бейпилдикти орнотуу тобунан 36 жоокер туткунга алынган. Кечээ алар бошотулган.

XS
SM
MD
LG