Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:03

Сербиянын президентинин инаугурациясы болду


Белград. Бүгүн Белградда Сербиянын жаңыдан шайланган президенти Борис Тадич парламентте ант берет. Инаугурация аземине депутаттардан тышкары өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышат.
Батыштын үлгүсүндөгү реформаларды жүргүзүүгө ниеттенген Борис Тадич 27-июнда болгон президенттик шайлоодо өзүнүн улутчул идеяларды карманган атаандашы Томислав Николичти жеңип чыккан. Борис Тадич 2000-жылы Слободан Милошевичтин режимин кулатууга олуттуу жардам көрсөткөн өлкөдөгү реформатордук кыймылынын өкүлү.
46 жаштагы Тадич Сербиянын Европа Биримдиги, НАТО уюмдары менен тыгыз кызматташуусунун тарапкери. Бирок саясий аналитиктердин пикиринде, Сербияда демократиялык реформалардын ийгиликтүү жүргүзүлүшү жаңы президенттин жана Воислав Коштуницанын жетекчилигиндеги өкмөттүн ортосундагы кызматташуу деңгээлине да жараша болот.

XS
SM
MD
LG