Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Шарон Гаагадагы эларалык соттун чечимине нааразы


Иерусалим. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Гаагадагы эларалык соттун жөөттөр тарабынан Иордандын Батыш жээгинде “коопсуздук дубалынын” курулушу мыйзамсыз деп тапкан чечими негизсиз деп билдирди. Буга байланыштуу ал мындай деди:

- Гаагадагы эларалык соттун террористтерден сактоочу тосмо дубалдын курулушун мыйзамсыз деп тапкан чечими терроризмге каршы күрөшүү боюнча аракеттерге терс таасирин тийгизди. Израиль эларалык соттун бир тараптуу жана саясий мүнөзгө ээ болгон бул чечимин толугу менен четке кагат жана аны аткарбайт. Сот бул дубалдын курулушунун себеби палестин террору экендигин эске алган жок .

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан бүгүн Бангкокто Тель-Авивди эларалык соттун чечемине урмат менен мамиле жасоого чакырды:

- Сот түшүнүктүү чечимин чыгарды. Биз албетте, Израилдин бийликтери өз атуулдарын коргоого милдеттүү экендигин түшүнөбүз - бул алардын парзы. Бирок Израилдин кыймыл-аракеттери да, эл аралык нормалардын алкагында жүргүзүлүүгө тийиш. Израиль палестиндиктердин да кызыкчылыктарын урматташы керек.

Жөөт бийлиги Иордандын Батыш жээгинде узундугу 685 чакырымдык келген “коопсуздук дубалын” куруу улантылат деп маалымдады. Тель-Авив мындай тосмонун курулушу жөөттөрдү палестин козголоңчуларынын чабуулдарынан сактайт деп түшүндүрүүдө.

Ал эми Палестин автономиясынын жетекчилери “коопсуздук дубалынын” курулушу жөөттөр тарабынан палестин жерлерин ээлеп алгандыкка жатат деп айтышууда. Кечээ автономиянын жетекчилиги эларалык коомчулук, Бириккен Улуттар Уюму Израилди эларалык соттун чечимин аткартууга көмөктөшүүгө тийиш деп билдирген.

XS
SM
MD
LG