Бакуба. Бүгүн Багдаддан түндүккө карай 60 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Бакуба шаарында миңге жакын адам демонстрацияга чыгып, Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин бошотулушун талап кылышты. Маалыматтарга караганда, демонстрацияга негизинен эркектер катышты. Алар ошондой эле өлкөдөн америкалык аскерлердин чыгарылышын талап кылып, АКШ тарабынан колдоого алынган Ийад Аллавинин башчылыгындагы убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгүн сынга алышты.
Саддам Хусейн Иракта согуш башталгандан 8 ай өткөндөн кийин, 2003-жылдын декабрь айында Тикрит шаарына жакын жерде кармалган. Саддам 1-июлда сот алдына сурак берүүгө алынып келинген. Ирактын мурдагы жетекчиси геноцид жана адамзатка каршы кылмыштарды жасаган деп күнөөлөнүүдө.