Бангкок. Бүгүн Бангкокто СПИДке каршы күрөшүү боюнча 15-эларалык конференция өттү. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган бул форумга 160ка жакын өлкөдөн 20 миңдей окумуштуу, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер катышты. Конференцияда СПИДдин жайылышын токтотуу жолдору талкууланды. Жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан СПИД дартынын жайылышы Азия жана Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө коркунуч туудурууда, ага каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иш-чаралар көрүлбөсө, аймакта экономикалык кризис башталат деген пикирин билдирди:
- Бул конференцияга көптөгөн өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрликтеринин жетекчилери катышууда. Бирок бир нерсени тактап алалы. СПИДке каршы күрөшүү өкмөттөрдүн, мамлекеттердин жогорку жетекчиликтеринин жигердүү катышуусун талап кылат. СПИД - бул саламаттык сактоо тармагындагы кризистен да олутуу коркунуч. СПИДин жайылышы өлкөлөрдүн өнүүгүсүнө коркунуч туудуруп жатат.
Улуттар Уюмунун соңку маалыматтары боюнча өткөн жылы эле дүйнөдө ВИЧ-инфекциясына чалдыккан адамдардын саны 5 миллионго жогорулады. Дүйнөдө бул дарт менен ооругандардын жалпы саны учурда 38 млн. адамды түзөт. Алардын ичинен 1,5 миллионго жакыны Чыгыш Европа жана Борбор Азияда.