Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Грузия менен Түштүк Осетиянын ортосундагы мамиле курч бойдон


Тбилиси. Бүгүн Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Тбилиси Түштүк Осетия менен болгон мамилелерин тынч жол менен жөнгө салууга бүт аракетин жумшайт деп билдирди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Грузия чыр-чатак орун алган аймакка жүздөгөн куралчан адамдарды мыйзамсыз киргизди деп расмий билдирүү жасады.

Ал эми Грузиянын президенти Орусия Түштүк Осетияга курал-жарактарды ташып аткандыгын белгилөө менен бирге, Москва менен Тбилисинин ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтты.

Кечээ Михаил Саакашвили “эгерде чыр-чатак орун ала турган болсо, бул Грузиянын ички чыр-чатагы эмес, Орусия менен Грузиянын ортосундагы аскердик чыр-чатак болот” деген пикирин билдирген.

Ишембиде Түштүк Осетиянын аймагына чектеш жерде жайгашкан Ардвиси грузин айылында болгон аткылашуудан грузиндердин 3 жоокери жана жергиликтүү тургун жараат алышты. Кечээ кечинде ошондой эле, Грузиянын Тамарашени айылында да аткылашуулар болду.

XS
SM
MD
LG