Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Германиянын тышкы иштер министри Суданга келди


Йошка Фишер мында Дарфур кризисин талкуулайт. Фишер Судандын өкмөтүнө аталган аймактагы араб куралчандарын куралсыздандырууга кысым көрсөтөт деп күтүлүүдө. Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осман Исмаил Фишердин келишин Дарфурдагы кырдаалга байланыштуу Судан жүргүзүп жаткан "ачык эшик саясатынын" бир көрүнүшү деп баалады.
Бириккен Улуттардын билдиришинче, Дарфурда араб согушчандары миңдеген кара фермерлерди өлтүрүп, бир миллиондон ашык кишини үйлөрүн таштап качууга мажбурлаган. Өткөн аптада Судандын президенти Омар ел-Башир согушчандар куралсыздандырылат деп сөз берген.

XS
SM
MD
LG