Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Япониялык аскерий контингент Иракта кала берет


Япониянын өкмөт башчысы Юнихиро Коидзуми ал башкарган коалиция кечээки парламенттик шайлоодо ийигиликке жетише албаганы менен, аскерлерди Ирактан алып кетпей турганын билдирди:

- Ирак элине жардам көрсөтүү ишинде Япониянын өз орду бар. Биздин коргонуу күчтөрүбүз өз вазийпасын аткарууда. Биз муну элге жакшылап түшүндүрүшүбүз керек. Бир күнү Ирак эли аны кыйын кезеңде жалгыз калтырбагандыгыбыз үчүн Японияга ыраазычылыгын билдирет.

Премьер ырастагандай, ал жетектеген Либерал демократтар партиясына добуш жыйноо кыйынга турду, себеби калктын дээрлик 60 проценти Иракка аскер жиберүүгө каршы болчу.
Либералдар 242 орундуу параламентте 49 мандат алууга жетишти. Коалицияга кирген партияларды кошкондо, азыркы альянс парламентте көпчүлүктү түзмөкчү.

XS
SM
MD
LG