Россиянын Ашгабаддагы элчилиги Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, “Маяк” радиостанциясынын уктурууларынын токтотулушуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылды.
Элчиликтин биринчи катчысы Александр Летошнев билдиргендей, азырынча расмий Ашгабад жооп бере элек.
Түркмөнстандын байланыш министринин айтымында, эски ретрансляторлор оңдоого муктаж. Бюджеттен каражат табылса, ремонт иштери бир жылга созулушу ыктымал. “Маяктын” кыска толкундагы жыштыктары болсо түркмөн тилиндеги өкмөттүк “Ватан” радиостанциясына берилди.
“Маяк” радиокомпаниясынын төрагасы Андрей Быстринский болсо Түркмөн бийлиги өз чечими жөнүндө алдын ала билдирген эмес деди.
Россиянын ИТАР-ТАСС агенттиги “Маякт” токтотулушу менен орус тилдүү калктын бир эле маалымат булагы калды деп билдирди. Бул - өкмөттүк “Нейтральный Туркменистан” деген басылма.